|
Центр Брока
|
|
к. Центр речи. Ц. глотания (физиол.) жуткузгуч борбор, тамакты жутуу аракетин башкаруучу мээ борбору; ц. дыхательный (физиол.) — дем алдыргыч борбор, кургакта жашоочу айбандардын абадан дем алуу аракетин башкаруучу мээ борбору; ц. жевания (физиол.) — чайнаткыч борбор, жемди, тамакты чайноо аракетин башкаруучу мээ борбору; ц. пищевой — к. Пищевой центр; ц. речи (физиол.) — сүйлөө борбору, кишинин сүйлөө аракетин башкаруучу мээ борбору; ц. слюноотделительный (физиол.) — шилекей чыгарткыч борбор, шилекей бездеринин шилекей чыгаруу аракетин башкаруучу мээ борбору; ц. сосания (физиол.) — эмдиргич борбор, жаш төлдүн эмчек эмүү аракетин башкаруучу мээ борбору.
|